Казакстанда кулжа айынын 1не чейин улуттук менчиктештирүү кеңсеси түзүлөт

Казакстанда кулжа айынын 1не чейин улуттук менчиктештирүү кеңсеси түзүлөт

Казакстанда кулжа айынын 1не чейин улуттук менчиктештирүү кеңсеси түзүлөт. Бул мамлекет башчынын экономиканы либералдаштыруу жөнүндө жарлыгынын негизинде каралууда. Бул атаандаштыкты өнүктүрүү жана экономикадагы мамлекеттин үлүшүн азайтуу боюнча алгачкы чаралардын бири. Улуттук мекемени түзүү үчүн өзүнчө юридикалык жак ачылбайт. Комиссиянын курамына коомдук ишмерлердин, серепчилердин, анын ичинде укук коргоо органдарынын, Каржы жана Экономика министрлигинин өкүлдөрү кирет. Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттиги белгилегендей, учурда менчиктештирүү объектилеринин тизмеси түзүлө турган методологияны түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Муну менен катар тиешелүү мекеме жаңы монополиялардын пайда болуу тобокелдиктерин минималдаштырууга ниеттенүүдө.

Марат Омаров, Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттиги:

– Биз өкмөттүн курамында иштебеген орган катары адистерди тартуу менен тизме боюнча мүмкүн болушунча ачык иштейбиз. Эгер байкасаңыздар, жарлыкта биз түзүп, ишкананы атаандаштыкка өткөрүү боюнча чечим кабыл ала турган тизме Президенттин алдындагы реформа боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан катталат деп так жазылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков