Казакстандык сүрөтчү Рауаж Жарылкасынов кадимки картондон
портрет жасоону адатка айландырып, катуу кагаз калдыктарынан уникалдуу көркөм
чыгармаларды жаратат. Ал негизинен атактуу адамдардын сырткы көрүнүшүн
чагылдырат. Эң кызыгы, бул эмгектин үзүрүн аларга шоола түшүрүү аркылуу гана көрүүгө
болот. Чебер өзүнүн уникалдуу эмгектерин социалдык тармактарга жарыялап,
көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болууда.
-Бул картондон жасалган иштериме көбү кызыгат. Көпчүлүгү мына бул эмгегиме таң калышууда.
Рауаж айкелди жасоо ишинин сырларын да үйрөнгөн. Жаш кезинен эле көркөм сүрөт искусствосунун түрдүү ыкмаларын өздөштүргөн сүрөтчү кылкалем жана майлуу боёктун жардамы менен көптөрдүн көз жоосуна айланган картиналарды тартат.
Рауаж Жарылкасынов, сүрөтчү:
-7-8 жашыман бери сүрөт тартам. Ал кезде телефон, интернет, тик-ток, инстаграм дегендер жок болчу. Болгону сыналгы бар болчу. Андан ар кандай мультфильмдерди, кинолорду көрүп отуруп, ошолордон идея, эргүү алдым десем болот. Ошентип, калем менен кичинекей кагазга түшүрдүм.
Бүгүнкү күндө анын социалдык тармактагы баракчаларында 1
миллиондон ашык окурманы бар. Эми Рауаждын максаты – өзүнүн көргөзмөсүн
өткөрүү.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков