Казакстан 2027-жылы өзүнүн үч космостук спутнигин учурат

Казакстан 2027-жылы өзүнүн үч космостук спутнигин учурат

Казакстан келерки жылы Жерди аралыктан зонддоочу үч космостук аппаратты учурууну пландаштырууда. Алар заманбап оптикалык жана радиолокациялык байкоо системалары менен жабдылат. Бул айыл чарбасын, жаратылыш ресурстарын, экологияны жана өзгөчө кырдаалдарды көзөмөлдөөнүн тактыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Орбитада жаңы, ата мекендик кураштырылган спутниктер мурда европалык өнөктөштөр менен биргелешип  иштеп жаткан спутниктерди алмаштырат. Азыр аларды интеграциялоо жана кураштыруу иштери жүрүп жатат. Сыноолор ушул жылдын ортосунан башталат. 2026-жылдын аягына чейин аппараттарды даярдоону аяктоо мерчемделүүдө.

Кайыржан Кожаев, «Казакстан космос сапары» улуттук компаниясы АК башкармалыгынын төрагасы:

– Дүйнөлүк тренд көрсөткөндөй, спутниктерди космостук мониторинг кылууну барган сайын көп өлкөлөр ишке киргизип жатышат, ал талап кылынууда жана анын эффективдүүлүгү далилденүүдө, анткени көптөгөн өлкөлөр өз топторун түзүп жатышат.

Учурда орбитада беш казакстандык космостук аппарат бар, анын ичинде үчөө байланыш үчүн, экөө мониторинг үчүн жооптуу. Алардын бири - KazEOSat-2 - иштетүүдөн чыгарууга даярдалып жатат. Айта кетсек, аппараттарды сыноо борбор шаарда мына ушундай полигондо өтөт. Бул жерде шарттар космоско ылайыкталган.

Бауыржан Алматов, «Ghalam» ЖШСнин башкы мүдүрү:

– Жерден геостационардык орбитага чейинки аралык болжол менен 36-39 миң чакырымды түзөт, биз бул жерде сигналдын имитациясын жүргүзүп жатабыз. Камерада 2 күзгү бар, бири гиперболалык, экинчиси параболалык формада. Камерада нурландыргыч бар. Ошондой эле, сынала турган объект орнотула турган позиционер бар.

Келечекте өлкө орбиталык тобун кеңейтүүнү көздөп жатат. 2029-2030-жылдары дагы үч аппаратты учуруу пландаштырылууда, ошондо алардын жалпы саны алтыга жетет. Серепчилер белгилегендей, бул маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңыртып турууга жана системанын туруктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Казакстанда 2024-жылы эл аралык келишимдин алкагында башталган Айдын тегерегиндеги телескоптун долбоору иштелип жатат. Азыр анын техникалык параметрлерин жана орбитасын камтыган концепциясы даярдалууда. 2030-жылга чейин Казакстанда эл аралык астрономиялык хаб түзүү көздөлүүдө, бул өлкөнүн дүйнөлүк космостук илимдеги позициясын бекемдейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков