Казакстан-Сингапур карым-катнашы

Казакстан үчүн Сингапур менен өнөктөштүк ИДӨнүн жан башына 133 миң долларга барабар болгон шаар-мамлекеттик рынокко жол ачат. Ошону менен катар 600 миллиондон ашык адам жашаган Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы менен мамилелерди жандандырат. Серепчилер Касым-Жомарт Токаевдин Сингапурга болгон иш сапарынан ушундай жемиштүү жыйынтыктар күтүлүп жатканын айтышууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө каржылык технологиялар рыногу тез өнүгүп келе жатат. Бул Сингапур сыяктуу алдыңкы өлкөлөрдүн өнөктөштүккө кызыгуусуна татыктуу. Эки өлкөнүн санариптик чөйрөдөгү кызматташтыгы жаңы рынокторду өнүктүрүү үчүн эффективдүү мүмкүнчүлүк болот.

Олжас Зейнекул, INVESTBANK башкы мүдүрү:

– Сингапур венчурдук капитал чөйрөсүндө дүйнөлүк лидерлердин бири. Башкача айтканда, аймактык борбор. Ага ылайык, жергиликтүү венчурдук фонддор Казакстанда жөнөкөй мультипликаторлор менен кызыктуу келишимдерди ала алышат. Муну менен катар, алар өздөрү үчүн жаңы инвестициялык аймактарды ача алышат. Казакстандын каржы институттары жаңы рынокторго чыгып, популярдуулукка ээ болот.

Филип Йео, ACCURON TECHNOLOGIES LIMITED башкарма төрагасы: 

– Казакстандын дарамети – алдыңкы идеяларды өнүктүрө турган билимдүү, алдыга умтулган жаштар. Экинчиден, Казакстан Борбор Азиядагы алдыңкы өлкө. Бүткүл Борбор Азиядагы 80-90 миллион калк биз үчүн чоң базар. Казакстан менен Сингапурдун кызматташтыгынын келечеги маалыматтык технологиялар, инженерия, медицина илими. Албетте, Сингапур менен Бруней эң кичинекей өлкөлөр. Бирок Сингапурдун экономикасы күчтүү. Мындан тышкары, бизде визасыз жана салыксыз режим бар.

Белгилей кетсек, Казакстан менен Сингапурдун мамилеси жигердүү  өнүгүп келе жатат. Өткөн жылдын көрсөткүчтөрү боюнча эки тараптын өз ара соода алмашуусу 1,6 миллиард долларга барабар болгон. Экспорт АКШ валютасында 1,5 миллиардды түздү. Ал эми Казакстанга тартылган инвестициянын көлөмү 1 миллиард 400 миллион доллардан ашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков