Түркестанда ТМУнун бейформал саммити болуп өттү. Түрк дүйнөсүнүн руханий борборуна Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан, Азербайжандын башчылары чогулушту. Тараптар жасалма интеллект жана санариптештирүү маселелерин талкуулап, технологиялык модернизацияны өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө макулдашышты. Казакстан Президенти тарабынан айтылган демилгелердин арасында — Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда электрондук документтерди жана санариптик кол тамгаларды таануу сунушу бар. Космос тармагы да унутулган жок. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, бул — түрк мамлекеттеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзгөн негизги факторлордун бири.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биздин өлкөлөрдө бул багытты системалуу өнүктүрүү үчүн зарыл болгон илимий, технологиялык жана каржылык дарамет бар. Айрыкча спутниктик байланыш, навигация жана мониторинг жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарыл. Мунун аркасында биз технологиялык көз карандысыздыгыбызды бекемдеп, инновациялык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жогорулата алабыз. Мисалы, «CubeSat-12U» илимий спутнигин учуруунун маанилүүлүгүн белгилей кетүүгө болот.
Заманбап болуу үчүн квалификациялуу кадрлар да керек. Демек, окуу борборлору жана илимий институттар зарыл. Казакстан Президенти жаштарды биргелешип даярдоону жана алдыңкы технологияларды ишке киргизүү тажрыйбасы менен алмашууну сунуштады. Буга түрк өлкөлөрүнүн Жасалма интеллект борборлорунун тармагын түзүү жардам берет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстанда жаңы форматтагы технологиялык окуу жайы – Жасалма интеллект университетин ачуу пландалууда. Биз бул жогорку окуу жайында түрк мамлекеттеринин жарандарын окутуу үчүн атайын гранттарды бөлүүгө даярбыз. Программалоо, жасалма интеллект жана алдыңкы санариптик технологиялар боюнча түрк өлкөлөрүнүн жаштарынын арасында жыл сайын илимий-технологиялык олимпиада уюштурууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз. Бул демилгелерди ишке ашырууга Түрк инвестициялык фонду каржылык колдоо көрсөтө алат.
Ал эми өлкөлөрдө жасалма интеллектти өнүктүрүүгө Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин IT-хабдарынын биргелешкен борбору – Turkic AI бермекчи. Касым-Жомарт Токаев аны Астанадагы Alem.ai базасында ачууну сунуштады. Президент өлкөлөрдүн гуманитардык кызматташтыгына чоң көңүл бурду. Ал түрк цивилизациясынын мурасын сактоо боюнча конвенциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунушту колдоого чакырды. Мамлекет башчысынын пикиринде, түрк элдеринин маданиятын жана тарыхын жайылтууга ушундай материалдарды бириктирген жасалма интеллекттин негизиндеги Санариптик платформа көмөктөшүшү керек. Мындан тышкары, Түркстанда Түрк цивилизациясынын борбору пайда болот — ал жерде бардык ТМУ өлкөлөрүнүн окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, билим ала алышат. Алардын ишине, өз кезегинде, түрк тилдеринин жалпы терминологиялык базасы жардам берет. Аны калыптандыруу үчүн Касым-Жомарт Токаев Мамлекеттер аралык терминологиялык комиссия түзүүнү сунуштады. Саммит Түркстан декларациясына кол коюу менен аяктады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

