Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин жана Жалпы улуттук коалициянын мүчөлөрү Абай облусунун коомчулугу менен жолугушту. Жыйынга аймактын активисттери катышты. Диалогдун негизги темасы - жаңы Конституциянын долбоору. Ерлан Карин документти даярдоо процессиндеги негизги принциптерге кеңири токтолду. Ал иштин ачык жүргүзүлгөнүн жана коомчулуктун кеңири катышканын, ал эми жарандардын сунуштары e-Otinish жана eGov санариптик платформалары аркылуу кабыл алынганын айтты. Ошондой эле ал жаңы Баш мыйзам жөн гана укуктук документ эмес, ошол эле учурда коомдун баалуулуктарын аныктаган жана мамлекеттик саясаттын «адамга багытталган» принцибин бекиткен заманбап коомдук келишим экенин белгиледи.
Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:
– Жаңы Конституцияда ар кандай категориядагы, ар кандай социалдык жана кесиптик топтордогу, ар кандай курактагы адам өз кызыкчылыктарынын камтылганын көрө алат. Бул эмнени билдирет? Бул ар бир жаран өз укуктарын коргоодо ишенимдүү конституциялык кепилдиктерге ээ болду деп айтууга болот. Жаңы конституцияга ылайык бардык жарандар жашына, социалдык жана башка абалына карабастан эмгек кылуу жана эс алуу укугуна, билим алууга жана ден соолугун сактоого, сөз эркиндигине жана тынчтык жыйындарын өткөрүүгө, жеке маалыматтарын коргоого ыңгайлуу курчап турган чөйрөгө ээ боло алат.
Сапардын алкагында Мамлекеттик кеңешчи Абай облусунун чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү менен да жолугушту. Бул жерде маданиятты өнүктүрүү, тарыхый эсти сактоо жана улуттук өзгөчөлүктү бекемдөө маселелери көңүлгө алынды. Катышуучулар мамлекеттик кызматтын принциптеринин тизмесине тарыхый-маданий мурасты сактоо жана улуттук маданиятты колдоо тууралуу пункттун киргизилишине колдоо көрсөтүштү. Мындан тышкары, Жалпы улуттук коалициянын мүчөлөрү активдүү жаштар, коомдук бирикмелер жана аймактагы түрдүү тармактардын өкүлдөрү менен жеке жолугушууларды өткөрүп, жаңы Конституциянын долбоорунун негизги жоболорун жана анын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанисин талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

