Астанада «Al Jazeera» жумалыгынын алкагында Катар телекомпаниясынын жетекчилери Президенттик телерадиокомплекстин жамааты менен жолугушту. Коноктор өлкөдөгү эң ири медиа-холдингдин мүмкүнчүлүктөрүн көрдү. Jibek joly, Silk Way жана Silk Way Cinema каналдары менен казак маалымат агенттигинин, даректүү тасма борборунун чыгармачылык жана техникалык дарамети менен таанышты. Эскерте кетсек, жумалыктын алкагында дүйнөгө белгилүү медиа институт адистери Максут Нарикбаев атындагы университеттин студенттерине жана тажрыйбалуу кабарчыларга журналистиканын негизги багыттары боюнча сабак өтүп жатышат. Бул жаатта айта кетчү жагдай, 2024-жылдын бирдин айында Президенттин телерадиокомплекси менен Катар медиа тармагынын ортосунда кеңири масштабдуу өз ара байланыш боюнча меморандумга кол коюлган.
Мостефа Суаг, AL JAZEERA MEDIA NETWORK башкы мүдүрүнүн
милдетин аткаруучу:
- Казакстандын
бардык багытта өнүгүү жигердүүлүгү жогору. Албетте өзүнүн массалык маалымат
каражаттарын жакшыртууну көздөйт. Анткени бул тармак бардык институттарды
тездетүү ишинде маанилүү каражаттардын бири. Сөзсүз ишке ашырыла турган
биргелешкен долбоорлордон тышкары, биз үчүн Казакстандын медиа тармагынын
адистерине журналистика тармагындагы иш тажрыйбабызды көрсөтүү маанилүү. Биз өз
иштеп чыгууларыбыз менен бөлүшө алабыз. Аталган
тренинг бул багыттагы кызматташуунун биринчи кадамы болуп саналат. Бул
жатта Борбордук
Азия менен
Казакстандын медиа рыногунун дарамети кенен экенин көрүп турабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков