К.Токаев беш конституциялык мыйзамга кол койду

К.Токаев беш конституциялык мыйзамга кол койду

Президент Касым-Жомарт Токаев 5 конституциялык мыйзамга кол койду. Алар жалган куран айынын 15де жалпы улуттук референдумда кабыл алынган жаңы Баш мыйзамдын ченемдерин бекемдейт. Негизгилеринин бири – «Казакстан Республикасынын Президенти жөнүндө». Анда мамлекет башчысы элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигинин, Конституциянын кол тийгистигинин, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиги болуп саналаары айтылат. Президент саясаттын негизги багыттарын аныктайт, мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөйт жана өлкөнү ички жана тышкы саясатта көрсөтөт. Мындан тышкары, бул мыйзам вице-президент институтун, тагыраагы Вице-президент кызмат ордун киргизет.


Президент тарабынан Курултайды түзүү каралган Конституциялык мыйзамга да кол коюлду. Бул өлкөдө мыйзам чыгаруу бийлигин ишке ашыруучу Жогорку өкүлчүлүк органы. Ал беш жылдык мөөнөткө партиялык тизмелер боюнча шайланган 145 депутаттан турат. Мыйзам Курултайдын кеңири ыйгарым укуктарын аныктайт. Депутаттар Вице-президентти, Премьер-министрди, Конституциялык соттун судьяларын, БШКнын жана Жогорку аудитордук палатанын мүчөлөрүн дайындоого макулдук беришет. Ошондой эле Курултай Президенттик шайлоолорду дайындап, республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторду бекитет.


Мамлекет башчысы кол койгон дагы бир Конституциялык мыйзам Элдик Кеңешинин макамын жана ыйгарым укуктарын аныктайт. Жаңы орган мамлекеттик саясатты калыптандырууда казакстандыктардын кызыкчылыктарын билдирет. Элдик Кеңеш ички саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгып, Курултайга кароого киргизе алат, ошондой эле жалпы элдик референдум өткөрүү демилгесин көтөрө алат.


Борис Поломарчук, саясат таануучу:


Буга чейин коомдук институттар негизинен сунуштамаларды гана иштеп чыгып, коомдук аянтчаларды чогултуп, талкуулап, кандайдыр бир эксперттик сунуштарды киргизип келишкен. Эми болсо, бул демилгени башынан баштап — анын жаралуусунан тартып, андан ары Курултайга жөнөтүлө турган конкреттүү бир чечимдин кабыл алынышына чейинки бүткүл жолду жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болууда. Эми бардык маселе мунун ишке ашырылышында, сандык жана сапаттык деңгээлде толукталышында калды. Менимче, бул багытта биз мамлекетибиздин кошумча өнүгүүсү үчүн абдан сонун, жакшы аянтча түзө алдык


Мындан тышкары, «Борбордун макамы тууралуу» жана «Административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө» конституциялык мыйзамдарга кол коюлду. Бир документ Астананын иштөө тартибин жана өнүгүүсүн аныктайт, экинчиси - аймактык башкаруу маселелерин жөнгө салат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков