Атырау облусунда лотос гүлүнүн сезону башталды. Жылдын ушул маалында бул кооздукту көрүү үчүн жүздөгөн туристтер, атүгүл башка өлкөлөрдөн саякатчылар келишет. Кызыл китепке кирген, тазалыктын символу болгон гүлдү баш оона айынын аягына чейин көрүүгө болот. Лотостун тамыры токтоп турган суунун түбүндө жатканына карабастан, анын гүлдөрү назик жана жыпар жыттуу келет, өсүмдүктү кирден жана чаңдан коргогон мом менен капталган. Анын башкалардан өзгөчөлүгү ушунда. Белгилей кетсек, бул өрөөн Кызыл китепке кирген жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуп саналат.
Асель Күбашева, турист:
– Айрыкча теке айынын аягында лотос гүлүн көргөнү келем. Бул өрөөн лотос гүлдөрүнүн токоюна киргендей элести берет. Мен да бул кооздукту Казакстанга жайылтууга болгон күчүмдү жумшап жатам.
Кайсар Максүтов, Атырау облусу Теңгиз айыл окурунун акими:
– Ал популярдуу болгондон бери туристтердин саны кыйла өстү. Атырау, Орал, Актаудан келип жатышат. Азыр көбүнчө батыштан келет. Анан Алматыга келген туристтер, Астанадан келип жаткан туристтер бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков