Түркестан облусундагы Шардара суу сактагычы 90%га толду

Түркестан облусундагы Шардара суу сактагычы 90%га  толду

Түркестан облусундагы Шардара суу сактагычы 90%га толду. Азыр анда 4,5 миллиард куб метрден ашык суу топтолгон. Суу чарба объектиси күнү-түнү көзөмөлдө турат. Куткаруучулардын маалыматында, аймакта жазгы суу ташкындарынын абалы туруктуу. Мындан тышкары, сактык чаралары улантылууда. Белгилей кетсек, облуста 20 дарыя жана 42 суу сактагыч бар.

Асылбек Акылбек уулу, Түркестан облусу ӨКМ башкармагынын башкы адиси:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Ташкын» маалыматтык системасы аркылуу трансчегаралык Сырдарыя өзөнү менен тоодон башталган дарыялардын деңгээли туруктуу түрдө мониторинг иштери жүргүзүлүүдө. Казгидрометтин жалган куран айындагы божомолуна ылайык, облустун аймагында жаан-чачындын көлөмү нормага жакын болот деп күтүлүүдө. Буга байланыштуу облустун акими бекиткен атайын пландар өз деңгээлинде жүргүзүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков