Алматыда үчтүн айындагы тополоңдо жабыркагандарга компенсация төлөнө баштады. Бул тууралуу калаадагы жашоону калыбына келтирүү боюнча шаардык штабдын жыйынында айтылды. Каржылык жардам жеке адамдарга, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерге, ооруканаларга жана массалык маалымат каражаттарына берилет. Бул категория боюнча бардыгы болуп - 603 адам. Шаар акиминин орун басары Ильяс Усеровдун айтымында, оор жаракат алгандар үчүн 2 миллион теңге, орточо жаракат алгандар үчүн 1 миллион теңге, жеңил жаракат алгандар үчүн 500 миң теңге компенсация төлөнөт. Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдар учурунда иштеген кызматкерлерге 100 миң теңге өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлөт. Булар милициянын, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, коомдук саламаттык сактоо департаментинин жана куткаруу кызматынын адистери. Бардыгы болуп тогуз миң алтымыш алты адам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков