Казакстанда медицина кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну киргизүү сунушталууда. Тиешелүү бөлүмдүн башчысы Ажар Гиният Мажилиске саламаттыкты сактоо маселелери боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү зарылдыгын билдирди. Министрдин айтымында, дарыгерлердин иши татаал жана жоопкерчиликтүү болгону менен алардын эмгеги көп учурда бааланбай келет. Медициналык кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнүн сунушталып жаткан механизми алардын статусун жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын гана жакшыртпастан, бейтаптардын зыяндын ордун толтуруу боюнча мамлекет кепилдеген укуктарын ишке ашырат.
Ажар Гиният, Казакстандын саламаттыкты сактоо министри:
- Медициналык, педагогикалык, социалдык кызматкерлер мамлекетибиздин негизин түзгөн жана өлкөбүздүн бакубаттуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизген тармактардын кызматкерлери. Коомдо бул эмгекчилер ар дайым татыктуу урмат-сыйга ээ болушкан. Казакстан Республикасынын «Элдин саламаттыгы жана саламаттыкты сактоо системасы жөнүндө» кодексинин 270-беренесинде медициналык кызматкерлердин кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу укугуна медициналык жардам көрсөтүү учурунда бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген медициналык жактан тейлөө мыйзамдуу турдө бекитилген. Мыйзам долбоору медицина кызматкерлеринин статусун жогорулатууга, бейтаптардын укуктарын коргоого жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган.
Ажар Гинияттын айтымында, медицина кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруунун сунушталып жаткан модели эл аралык аренада ата мекендик саламаттыкты сактоонун рейтингине сөзсүз оң таасирин тийгизет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков