Ата мекендик
авиакомпаниялар 32 өлкөнүн 115 эл аралык багыттарына жумасына 600гө чейин
каттамдарды аткарышат. Быйылкы жылдын 8 айында алар 8 миллион 700 миң жүргүнчү ташышты.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 26%ды түздү. Бул тууралуу өлкөнүн
Транспорт министрлигинин тиешелүү комитетинин төрагасынын орун басары Тимур
Тилегенов билдирди.
Тимур Тилегенов,
Жарандык авиация комитетинин төрагасынын орун басары:
- Сапардын жыштыгын
арттыруу максатында ата мекендик компаниялар менен биргеликте учактар паркын
толуктоо планын иштеп чыктык. Учурда Казакстандын авиакомпанияларында 96
жүргүнчү учактары үзгүлтүксүз жана коммерциялык каттамдарды аткарат. Мисалы,
былтыр бизге 14 жаңы учак алынып келинди. Ал үстүбүздөгү жылы 13 учак сатып
алуу мерчемделген. Учурда алардын жетөө өлкөбүзгө келди. Ушул жылдын аягына
чейин дагы алтоо келиши керек. Жалпысынан 2025-жылга чейин 26 учак сатып алуу көздөлгөн.
Натыйжада жарандык авиация паркындагы
учактардын жалпы саны 131ге жетиши күтүлүүдө.
Өлкөнүн
аэропорттору заманбап талаптарга ылайык комплекстүү реконструкцияланып, жаңыланып
жатат. Тармак адистеринин айтымында, ири шаарларга басым жасалууда. Алардын
объектилери жакын арада жүргүнчүлөрдүн чоң агымын тейлеген авиациялык
транзиттик түйүндөргө айланат. Учурда Алматыда жаңы жүргүнчү терминалынын курулушу
жүрүп жатат. Аны 2024-жылы пайдаланууга берүү каралган. Мындан тышкары, борбор
калаанын аэропортун жакшыртуу маселеси да иштелип жатат. Жакынкы эки жылда анын
тейлөө көлөмү эки эсеге артат жана ал жылына 10 миллион жүргүнчүнү тейлөөгө
мүмкүнчүлүгү жетет.
Тимур Тилегенов,
Жарандык авиация комитети төрагасынын орун басары:
- Эгерде өлкөнүн
транзиттик дарамети тууралуу айта турган болсок, дүйнөлүк пандемияга чейин
мындай жүргүнчүлөрдүн саны 1 миллионго жетти. Бул жаатта негизинен Индия менен
Кытайдын жарандарынын үлүшү басымдуулук кылат. Алар өз өлкөлөрүнөн алгач
Астанага же Алматыга жетип, андан соң биз аркылуу Европанын башка өлкөлөрүнө
барышат. Ошондуктан, учурда Кытай жана Индия менен өз ара аба каттамдарын арттыруу
максатында жыштыгын көбөйтүп жатабыз. Мындан улам транзиттик жүргүнчүлөрдүн
агымы бир топ көбөйүшү мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков