Террордук чабуулдардын түпкү максаты – өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузуу жана мамлекеттик төңкөрүш жасоо. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Ерлан Карин билдирди. Анын айтымында, өлкөгө гибриддүү террористик чабуул жасалды. Башкача айтканда, бир топ адам бир эле учурда өлкөнүн бир нече шаарларында ар кайсы объектилерге чабуул койгон. Мындай аракеттерди координациялоого ички жана тышкы деструктивдүү күчтөр таасир эткени көрүнүп турат, - дейт мамлекеттик катчы.
Ерлан Карин, Казакстан Республикасынын Мамлекеттик катчысы:
Муну тартипсиздик дегенге болбойт. Мен 20 жылдан бери терроризм маселеси менен алектенип келем. Бирок мен канчалык изилдөө жүргүзсөм да, мындай топтун бир эле учурда шаарларга кол салганы, анын ичинде мамлекеттик объектилерге атайылап басып кирип, талкалаганын кездештирген эмесмин. Бул чынында эле жаңы көрүнүш. Бул атайын кызматтар жана адистер үчүн сыноо болуп эсептелет. Мындай сценарий кайсы мамлекетке болбосун колдонулушу мүмкүн экенин түшүнүшүбүз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков