Казакстандык изилдөөчүлөр Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон казак жоокерлеринин сөөктөрүн Беларустан табышты. Издөө иштери Витебск облусунун Дубровск районунда жүргүзүлгөн. Алар 18 баатырдын жаткан жерин аныктап, белги коюшту.
Александр Королевич, издөө взводунун ага инструктору:
- Фронт тогуз ай бою Поднизовье кыштагынын жанында болгон. Бул жерде өтмөк жолдор бар болчу. Аларды табуу кыйынга турду. Жамгыр токтогон жок. Казуу иштерин чопо топурак кыйындатып жиберди. Бирок сегиз чуңкурга туш болуп, жоокерлер жаткан жерлер табылды.
Александр Шитов, “Майдан жолу” издөө тобунун командири:
- Бул жерде биздин ата-бабаларыбыздын издери калган. Алматы шаарында түзүлгөн 88-аткычтар дивизиясы Семей жана Өскемен шаарларынан чакырылган 30-аткычтар дивизиясы душман менен аёосуз согушкан. 101-казак аткычтар дивизиясынын жоокерлери да болгон. Биздин максат – баатырларыбыздын арбагына таазим кылуу.
Экспедициянын алкагында ата мекендик издөөчүлөр жоокерлер көмүлгөн жерге белги орнотушту. Кээ бир жоокерлердин сөөктөрү мекенине алынып келинип, сый-урмат менен жерге берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков