Казакстанда автоунаа өндүрүшү рекорд коюуда

Казакстанда автоунаа өндүрүшү рекорд коюуда

Казакстандын машина куруу тармагында өндүрүш көлөмү рекорддук деңгээлге жетти. Маселен, тогуздун  айында ал тарыхый эң жогорку көрсөткүчтү көрсөттү. Өткөн айда чогултулган автоунаалардын саны аяк оона айындагыдан 22% ашты – тагыраагы 13 миңден ашык автоунаа чыгарылды. 2022-жылдын тогуздун айына салыштырмалуу айырма 2 эседен жогору болду. Биринчи насыялык бюронун адистери белгилешкендей, жалпысынан быйылкы жылдын 10 айында ата мекендик конвейерлерден 113 миң автоунаа чыгарылган. Эске салсак, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Автоунаа өндүрүшүнүн наркы 847,5 миллиард теңгени түзсө, өткөн жылдын ушул мезгилинде 507 миллиард теңгеге жеткен. Өндүрүштүн өсүшү реалдуу түрдө 40 пайызга жетти. Серепчилер бул көрсөткүч келечекте республикада башталган Костанайдагы жаңы автоунаа заводунун курулушунун аркасында өсөт деп эсептешет. Кубаттуулугу 70 миң автотранспорт кураштырууга жөндөмдүү долбоор 2025-жылы пайдаланууга берилет деп мерчемделүүдө. Жалпысынан унаа жасоодогу автомобиль өнөр жайынын үлүшү ушул тапта 45%га жетти. Бул багыт республикада атвоунаа жасоо тармагынын кыймылдаткычы жана индустриялаштыруунун негизи болуп кала берерин көрсөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков