«Аксу-Жабаглы» коругунун аймагына «Таза Казакстан» масштабдуу экологиялык акциясынын алкагында миңден ашуун көчөт отургузулду. Жаштар жана окуучулар деңиз деңгээлинен 1,5 миң метр бийиктикте жайгашкан Жетимсай капчыгайындагы токой фондун толукташты. Белгилей кетсек, уникалдуу экосистема ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттарынын тизмесине киргизилген. Бул жерде 1300дөн ашык ар кандай өсүмдүктөрдүн түрлөрү өсөт, ошондой эле ак илбирс, күрөң аюу, түркестан сүлөөсүндөрү да жашайт. Уюштуруучулардын айтымында, ыктыярчылардын салымы жаратылышты сактоодо маанилүү кадам болду. Жалпысынан быйыл Түркестан облусунда 1 миллиондон ашуун жаңы дарак отургузуу пландаштырылууда.
Мадина Асанбай, Эко-активист:
– «Таза Казакстан» акциясына биздин 30дан ашуун окуучубуз жана 20га жакын жаш адис катышууда. Жеке мен да ыктыярчы катары катышып жатам. Ар бир жаш адам мындай демилгелерди колдосо, биздин өлкө дагы коозжана көрктүү болот деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

