Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путинди
Казакстан-Орусия Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин 20 жылдыгы менен
куттуктады. Ага 2005-жылы Москвада кол коюлган. Казакстандын Президенти
телеграммада документ дүйнөдөгү эң узун кургактык чек араны юридикалык жактан
тариздөөнүн бекем пайдубалы жана өлкөлөр ортосундагы бузулбас достуктун, ынак
коңшулуктун жана союздаштыктын белгиси болуп калганын белгиледи. Мамлекет
башчысы көп кырдуу кызматташтык мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине
ишенимин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

