Казакстан президенти дипломатия институтунун директорун кабыл алды

Казакстан президенти дипломатия институтунун директорун кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Эл аралык орус тили уюмунун башкы катчысынын орун басарлыгына сунушталган Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын алдындагы Дипломатия институтунун мүдүрү Алексей Волковду кабыл алды. Бул түзүм уюмга мүчө мамлекеттер менен гуманитардык демилгелерди илгерилетүү, маданият, илим жана билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Уюмдун Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу алты мүчөсү бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков