Бир палаталуу парламенттин иши жана курамы,
вице-президент кызматынын мамлекеттик бийликтеги орду жана мыйзам чыгаруу
демилгесин көтөрүүдөгү «Элдик кеңештин» ыйгарым укуктары. Бул маселелер
Конституциялык комиссиянын кароосуна сунушталды. Аталган өзгөрүүлөрдүн баары
Конституциялык реформанын алкагында ишке ашат деп мерчемделген. Бир палаталуу
Курултай мыйзам долбоорлорун үч окууда карайт. Жаңы Парламентти түзүүдө
«президенттик квота» болбойт.
Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи, Конституциялык комиссия
төрагасынын орун басары:
- Курултай депутаттарын шайлоо системасы жөнүндө жумушчу
топ толугу менен пропорционалдуу ыкмага өтүүнү бир добуштан колдоду. Бул —
Мамлекет башчысы былтыр аяк оона айындагы Кайрылууда көтөргөн демилге. Ошол
кезде Президент: «Эгер бир палаталуу Парламент куруу зарыл деген орток чечимге
келсек, андай Парламентти бир гана партиялык тизме боюнча шайлаган оң деп
эсептейм. Бул — дүйнөдө кеңири таралган парламенттик жол-жобо» деген болчу.
Пропорционалдуу шайлоо системасы партиялардын кадрдык саясатын өнүктүрүп, институционалдык
ролун арттырат.
Комиссиянын иши ачык-айкындуулук принциптерине
негизделген, ал эми талкуунун бардык этабы коомчулук үчүн түз эфирде көрсөтүлүп
жатат. Конституциялык соттун төрайымы Эльвира Азимова комиссияга эки миңден
ашык сунуш түшкөнүн, алардын бардыгы бирдиктүү жыйналган таблицага
топтоштурулганын белгиледи.
Эльвира Азимова, Казакстан Республикасынын Конституциялык
сотунун төрайымы, Конституциялық комиссия төрайымы:
- Жарандар түз эфир аркылуу серепчилердин көз караштарын
жана башка жарандардын демилгелерин көрө алышат. Мындай диалог форматы
реформанын негизги принцибин ачык көрсөтөт. Бул тууралуу Мамлекет башчысы бир
нече жолу Конституциялык реформа – эң алды менен элдин кызыкчылыгы үчүн жана
анын түз катышуусу менен жүзөгө ашырылат деп айткан. Долбоорду иштеп чыгуу
процесси Конституциялык өзгөрүүлөрдүн мыйзамдуулугун камсыздоо үчүн ачыктык
принцибинин негизинде жүргүзүлүшү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

