Сенаттын спикери
Маулен Ашимбаев Абу-Дабиде шейх Заид атындагы «Адамзат боордоштугу» сыйлыгын
салтанаттуу тапшыруу аземинде Казакстандын конфессиялар аралык диалогду
илгерилетүү тажрыйбасына токтолду. Иш-чарада Президент Касым-Жомарт Токаевдин
жаңы глобалдык тынчтык кыймылын калыптандыруу тууралуу кайрылуусунун мааниси
менен Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин ишмердүүлүгү
тууралуу айтылды.
Маулен Ашимбаев,
Парламентинин сенатынын төрагасы, дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин
съезинин катчылыгынын башчысы:
– Былтыр аяк
оона айында Астана шаарында «Диндердин диалогу: келечек жолундагы синергия»
темасында Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VIII съезди болуп өттү.
Анын маанилүү жыйынтыктарынын бири конфессиялар аралык диалогду андан ары
бекемдөөнү көздөгөн бир катар эл аралык демилгелерди камтыган «Астана тынчтык
декларациясы-2025» документинин кабыл алынышы болду.
Азербайжан менен
Армениянын ортосундагы тынчтык келишими дагы «Адамзат боордоштугу» сыйлыгына
татыктуу деп табылды. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдердин негизги этабы
Алматыда өткөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

