Түркестан аймагында алгачкы жолу боор трансплантациясы жасалды

Түркестан аймагында алгачкы жолу боор трансплантациясы жасалды

Түркестан облусунда биринчи жолу боор трансплантациясы жасалды. 19 жаштагы кыз энесине донор болуп, өмүрүн сактап калды. Аймактын дарыгерлери 48 жаштагы бейтаптын жараксыз боорунун ордуна, кызынын боорунун жарымын салып берди. Эки өтө татаал операция 7 саат бою параллелдүү жүргүзүлдү. Заманбап технологиянын жана ак халатчан чебер адамдардын жардамы менен операциялар ийгиликтүү болду.

Эльвира Сахавиддинова, донор:

- Бул операция тууралуу укканда экинчи мүмкүнчүлүк ойгонду. Апамды  көндүрдүк. Бул жакка келгенден кийин, толук кеңеш алып, толук медициналык кароодон өткөрдү. Апамдын абалы оор болчу. Саргайып кеткен эле.  Азыр абалы бир калыпта. Операциядан 2-3 күндөн кийин басып кеттим. Баары дарыгерлердин жардамы менен, аларга рахмат.

Түркестандык дарыгерлерге тарыхый учурда өлкөнүн трансплантолог-хирургу Болатбек Бимди уулу жардамга келди. Татаал опрацияны жасаган жергиликтүү дарыгерлер эми муну өз күчү менен жасоону көздөп жатышат. Быйыл аймакта дал ушундай 2 бейтаптын боорун алмаштыруу мерчемделип жатат.

Жанболат Дилдабеков, Түркестан облусттук клиникалык ооруканасынын дарыгери:

- Боор берилген адамдын өзү дени сак болушу керек. Ал адамдын кант диабети, жогорку кан басымы, бөйрөк жана боор оорулары болбошу керек. Биз донорду толук текшергенден кийин операция жасадык. Эң биринчи боорун берип жаткан донор адам дени сак келип, саламатта кетүүсү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков