Казакстандын Президенти республикалык штабдын жыйынын өткөрдү

Мамлекет башчысы селге каршы иш-чараларды координациялоо жана кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, быйылкы сел акыркы 30 жылдагы эң ири суу ташкыны деп эсептелген 2012 жана 2017-жылдардагы деңгээлден ашып кетти. Ошондой эле, президент учурда сел коркунучу жоюлду деп айтууга болбой турганын кошумчалады. Ошондуктан, бул ишке Ички иштер министрлигинин, Улуттук гвардиянын, Куралдуу күчтөрдүн, Улуттук коопсуздук комитетинин бардык күчтөрү менен куралын, ыктыярчыларды, жардам берүүнү каалаган жарандарды тартуу керек. Учурдагы негизги милдет - адам өлүмүнө жол бербөө, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Өлкө жетекчиси суу ташкынынан жабыркаган бардык тургундарга жана аймактарга максималдуу колдоо көрсөтүүнү тапшырды. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти: 

- Өкмөткө, компетенттүү мамлекеттик органдарга, облус акимдерине бир катар тапшырмаларды берем. Биринчиден, селден жапа чеккен элге бардык керектүү жардамдар көрсөтүлсүн. Бул максатка өкмөттүн жана акимчиликтердин резервдерин гана эмес, “Казакстан калкына” фондунун каражаттарын да пайдалануу зарыл. Ушундай жооптуу учурда өлкөдөгү бизнес өкүлдөрүн элге жардам колун сунууга чакырам. Экинчи маселе, суу каптаган аймактарда социалдык мааниси бар кызматтар менен азык-түлүк баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө керек. 

Касым-Жомарт Токаев болжолдоо-аналитикалык иштерди, анын ичинде Казсуучарба менен Казгидрометтин ишин күчөтүүнү тапшырды. Ал эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги Айлана-чөйрөнү коргоо, Суу чарба министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жылдын аягына чейин жаңы маалыматтык системаны иштеп чыгат. Платформа бардык мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды моделдөөгө, божомолдорду гана эмес, сунуштарды берүүгө жана конкреттүү иш-аракеттерди эсептөөгө мүмкүндүк бериши керек. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти: 

- Эми Өкмөт жана жергиликтүү аткаруу органдары, биринчи кезекте облустун акимдери жай мезгилине даярдык көрүшү керек. Өрт жана башка табигый кырсыктар болушу толук мүмкүн. Мында өлкөнүн чыгыш аймактарындагы суу ташкындарын моделдөө боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен “Казакстан Космос Сапары” улуттук компаниясынын биргелешкен ишинин тажрыйбасын пайдаланууга болот. Айыл чарба муктаждыктары үчүн сел сууларын сактоо боюнча план иштеп чыгуу жана натыйжалуу чараларды көрүү керек. Акимчиликтер калктуу конуштардагы эриген кардын сууларын дарыялардын нугуна же суу сактагычтарына буруу боюнча иштерди жүргүзүүсү зарыл. 

Буга кошумча, Мамлекет башчысы өкмөт тарабынан бекитилген 2030-жылга чейин суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясынын жоболорун карап чыгууну тапшырып, суу ташкындарына каршы күрөшүү боюнча эл аралык тажрыйбаны кылдат изилдеп чыгууга чакырды. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков