Казакстан менен Кытай наркы 629 миллион доллар болгон келишимдерге кол койду

Казакстан менен Кытайдын компаниялары Үрүмчүдө өткөн аймактар ​​аралык форумда 629 миллион долларлык 17 келишимге кол коюшту. Анын ичинде 10 кичи станцияларды жана электр чубалгыларынын курулушу жана жаңылоо боюнча документтер, төөнүн кургак сүтү менен күн карама майын ташуу боюнча келишим түзүлгөн. Белгилей кетсек, чоң диалог аянтчасына өлкөнүн 17 облусунан бизнес топтор, ишкерлер жана КЭРнын өкүлдөрү чогулушту. Катышуучулар соода-экономикалык, транспорттук, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Форумда сөз сүйлөгөн вице-премьер-министр Серик Жумангарин Кытай Казакстанга инвестиция тартуу боюнча 4-орунда тураарын айтты.

 

Серик Жумангарин, вице-премьер:

 

-Учурда Казакстан менен Кытайдын ортосунда туруктуу аймактык кызматташтык үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Эки өлкөнүн шаарларынын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуучу 43 каттам ачылды. Жакынкы келечекте алардын географиясын Кытайдын башка шаарларына да кеңейтүүнү пландап жатабыз. Бүгүнкү күндө биз Кытай менен жаңы транзиттик-транспорттук каттамдарды жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча активдүү кызматташып жатабыз.

Кайрат Төребаев, соода жана интеграция вице-министри:

-Кытай Казакстанда активдүү инвесторлордун катарында. Алдыңкы бештикке кирет. Бүгүнкү күндө Казакстанда кытайлык капиталдын катышуусунда 2700 компания жана 600 биргелешкен ишкана иштеп жатат. Кошумчалай кетсек, Казакстандын рыногунда Кытайдын ири ишканалары да активдүү. Биз бул тизмеде кытайлык компаниялардын көбүрөөк болушун каалайбыз. Орто жана чакан бизнес үчүн эшигибиз ачык.

Кошумчалай кетсек, Үрүмчү шаарында «ЭКСПО Кытай-Евразия» эл аралык көргөзмөсү эшигин ачты. Анда 50 өлкө менен Кытайдын 30 провинциясы, автономиялуу аймактар жана муниципалитеттерден 1900 компания жана уюм катышууда. Кесипкөй бренд көргөзмөсүндө конокторго берген орундардын ичинде казакстандык павильон эң ири аталды. 200 чарчы метр аянтка ата мекендик компаниялар негизинен азык-түлүк өнүмдөрү менен экспорттук товарларын тааныштырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков