Тажикстандан ири көлөмдөгү суу
ташкынынан жабыркагандарга колдоо көрсөтүү үчүн Казакстанга гуманитардык жардам
келди. Борбордук Азия республикасынын өкмөтү өлкөнүн тогуз районуна 50 вагонду жөнөткөн. Жүктүн
жалпы салмагы 2,5 миң тоннаны түздү. Булар негизинен
курулуш материалдары — күлбото, чатыр, жыгач жана
азык-түлүк. Гуманитардык кербен буга чейин Актөбе облусуна келген. Эске сала
кетсек, буга чейин Тажикстан Казакстанга суу каптоонун кесепеттери менен
күрөшүү үчүн 3,5 миң
тоннадан ашык гуманитардык жардам жиберген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков