Бүгүн Касым-Жомарт Токаев Армения парламентинин төрагасы Ален Симонян менен да жолугушту. Казакстандын Президенти тараптардын мыйзам чыгаруу органдарынын деңгээлинде активдүү өз ара аракеттенүүсүн канааттануу менен белгиледи. Өз кезегинде Ален Симонян Армения менен Казакстандын ортосундагы, анын ичинде парламенттер аралык платформалардагы өз ара кызматташуудагы жогорку деңгээлине токтолду. Касым-Жомарт Токаев Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен да жолугушту. Казакстандын лидери Арменияга жасаган биринчи расмий сапарына өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал эми анын негизги жыйынтыгы казак-армян мамилелерин ар тараптуу чыңдоого эки тараптын умтулуусун ырастоо болду. Армениянын президенти Казакстандын лидеринин Ереванга сапарын тарыхый деп атап, ал бекем пайдубал түзүп, мамлекеттер аралык мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков