ХІI эл аралык аскердик-патриоттук жаштар жыйыны
«Айбын» Акмола
областында өттү. Жарыштын ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен катышуучуларды
Казакстандын Президенти
куттуктады. Касым-Жомарт Токаев мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муундун
рухун чыңдап, мекенчилдикти тарбиялай турганын белгиледи. Анын айтымында,
масштабдуу сынак өлкө үчүн маанилүү мезгилде өттү. Тактап айтканда жалган куран айында
Казакстандын жаңы Конституциясы кабыл алынды, ал теке айынын 1нен баштап күчүнө кирет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Баш
мыйзам, анда бүтүндөй элибиздин тилектери
жана умтулуулары чагылдырылган, биринчи кезекте өсүп келе жаткан муундун бакубатчылыгы
үчүн кабыл алынган. Ар бир өлкөнүн келечеги – сиздер сыяктуу мекенчил,
билимдүү, эмгекчил, жаратман жана эр жүрөк жаштардын колунда. Жаңы муундун
максаттуу өкүлдөрү дал ушулар Казакстандын беделин бекемдеп, аны өнүгүүгө
жетелейт. Мен силерге чоң үмүт артам.
Мамлекет башчысы Казакстан жаштарды ар тараптуу
өнүктүрүүгө чоң маани берерин баса белгилеп, «Жаш Аскер» кыймылынын маанилүү
ролун белгиледи. Ал өлкө боюнча 280 миңден ашуун мектеп окуучуларын жана
студенттерди бириктирет. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, мындай демилгелер
жаштарда баалуулуктар системасын калыптандырууга жардам берет. «Айбын» эл
аралык жыйыны да ушуга багытталган. Анын программасына аскердик-спорттук,
интеллектуалдык, чыгармачыл жана аскердик-колдонмо сынактар кирген. Быйылкы
иш-чара Казакстандын аймактарынан, ошондой эле Азербайжан, Кыргызстан, Орусия
жана Өзбекстандан 50дөн ашуун команданы чогултту.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Ушул
күндөрү силер достуктун, өз ара сый-урматтын жана биримдиктин эң жогорку үлгүсүн
көрсөттүңөр. Ушул жолуңардан жазбагыла! Байгелүү орундарды ээлеген командаларды
чын жүрөктөн куттуктайм! Албетте, демилгелүү жаштардын күч-кубаты жана бир
аянтчадагы биргелешкен ишибиз мамлекеттерибиздин ортосундагы өнөктөштүктү жана
өз ара ишенимди дагы да тереңдетүүгө кубаттуу түрткү болот.
Андан кийин президент Коргоо министрлигинин Шокан
Уалиханов атындагы аскердик колледжине барды. Касым-Жомарт Токаевге жаштарга
патриоттук тарбия берүүчү Aibyn App санариптик платформасы, китепкана жана ата
мекендик симуляциялык машыктыруучулар менен окуу-лабораториялык корпус сунушталды.
Ошондой эле ага заманбап аскердик техниканын үлгүлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында
Мамлекет башчысы колледжге жаңы автобустун ачкычын тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

