Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши толук кандуу эл аралык уюм болот. Мажилис Нахчыван макулдашуусуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол кабыл алды. Документке Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери 2022-жылы Самаркандда кол коюшкан. Ошентип, жаңы келишим аркылуу буга чейин түрк өлкөлөрү жетишкен кызматташтык жана интеграция горизонту кеңейет. Максаты-Түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхын жана маданиятын, руханий баалуулуктарын сактоо жана бир туугандыкты чыңдоо.
Алибек Бакаев, Тышкы иштер министринин орун басары:
- Ошону менен бирге, уюмдун алкагында түрк өлкөлөрүнүн саясий-экономикалык интеграциясын жогорулатуу, билим берүү жана илим чөйрөлөрүндө алмашууларды өнүктүрүү актуалдуу болуп саналат. Бул өзгөртүүлөр түрк дүйнөсүнүн өнүгүү тарыхында жаңы доорду ачып, байыркы түрк дүйнөсүнө кирген боордош мамлекеттердин көп кырдуу кызматташтыгын активдештирүүгө олуттуу салым кошуп, жигердүү жакындашуу жараянын улантат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

