К. Токаев иш сапары менен Жамбыл облусуна барды

К. Токаев иш сапары менен Жамбыл облусуна барды

Мамлекет башчысы облуска иш сапары менен барды. Анда ал жергиликтүү интеллигенциянын өкүлдөрү менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда алар Касым-Жомарт Токаевге өздөрүн тынчсыздандырган көйгөйлөрдү айтып, сунуштарын билдиришти. Тургундар  президенттин демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан коомдук-саясий реформаларды колдой тургандыктарын, чыгармачыл инсандарга мамлекеттин көрсөтүп жаткан камкордугу үчүн ыраазычылык билдиришти. Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев жазуучунун уулу катары чыгармачыл адамдарды ар дайым колдоп келерин белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн алдыдагы саясий өнөктүктөрдө биримдиктин зарыл экендигине көңүл бурду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Эң негизгиси калыс жана ачык-айкын болуш керек. Парламентибизге ушундай татыктуу адамдар келсе, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем. Дүйнөдө эмне болуп жатканын өзүңүздөр жакшы билесиздер. Ички да, тышкы да саясат конструктивдүү жана олуттуу болушу керек. Биздин негизги милдетибиз – мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуу. Ар кандай чакырыктар аз эмес. Андыктан баарыбыз бир мамлекет, бир эл, бир улут болуп биригип, өлкө үчүн кызмат кылалы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков