Казакстандын желеги Нью-Йоркто желбиреди

Улуттук Гимндин коштоосунда Казакстандын желеги Нью-Йорктун каржы борборунда – Уолл-Стритте көтөрүлдү. Салтанат Америка ири мегаполисинде Казакстандын Республика күнүн майрамдоо алдында уюштурулган. Ага казак диаспорасынын, ишкер жана студенттер коомчулугунун, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Нью-Йорктун мэри катышты. Чогулгандар домбранын үнү менен ырахаттана алышты. 

Рауан Тлеулин, Казакстандын Нью-Йорк шаарындагы башкы консулу:

– Элибиз үчүн желек ар дайым биримдиктин жана эрдиктин символу болуп кала берет. Америкалык кесиптештер менен мындай иш-чараны уюштуруп жатканыбызга абдан кубанычтамын.

Таня Янг, Нью-Йорк шаарынын тургуну, Димаш Кудайбергендин күйөрманы:

– Мага сиздердин маданиятыныздар, өлкөңүздөр абдан жагат. Жакында Мен Казакстанда-Астанадагы Димаштын концертинде болдум. Чоң шоу болду. Ал менин Казакстанга болгон үчүнчү сапарым.

Которгон: Илгиз Жамалбеков