Алматыда Казакстандын финансисттеринин 11-конгресси өттү. Иш-чара теңгенин 30 жылдыгына карата уюштурулду. Жыйынга КМШ жана башка чет мамлекеттердин борбордук банктарынын жана каржы институттарынын жетекчилери катышты. Улуттук төлөм корпорациясынын төрагасы Бинур Жаленов салтанаттуу түрдө Санариптик теңге платформасынын пилоттук долбоорун ишке киргизди. Бул тарыхый учур.
Эми санариптик улуттук валюта – теңге бардык колдонуудагы инфраструктуралар аркылуу жеткиликтүү болот.
Айнур Кенжеева, «Санарип
теңге» долбоорунун жетекчиси:
- Мисалы, быйыл биз
Санарип Ваучерлерди ишке киргиздик. Башкача айтканда, ашканада балдар «ОҢАЙ»
карталары менен төлөм жасай алышат. Бул биздин өнөктөштөр. Анын артыкчылыктары кандай?
Окуучу картаны терминалга тийгизген кезде, триггер смарт-келишим иштейт. Ал автоматтык түрдө бюджеттик каражаттарды акимчиликке
жөнөтөт. Башкача айтканда, эч кандай бухгалтер, ортомчулар, эсептешүү борборлорунун
кереги жок. Бул сигнал берүүчү триггер. Мунун баары бул кичинекей смарт-келишим
программасы тарабынан ишке ашырылат.
Технология жөнүндө айта кетсек, бул жерде блокчейн технологиясы колдонулат. Мында акылдуу санариптик валютаны түзүүгө мүмкүн. Эми адамдар ар бир санариптик теңгени өз максатына жумшоо үчүн программалай алат.
Бинур Жаденова,
Улуттук банктын «Улуттук төлөм корпорациясы» АК башкарма төрагасы:
- Сиз өзүңүздү
баласына 10 миң тенге берген ата-эне деп элестетиңиз. Албетте, анын бул акчаны
тамекиге же спирт ичимдигине коротушун каалабайсыз. Санарип теңге ушундай абалдын
алдын алууга көмөктөшөт. Ал эми жарандарга атайын жардам көрсөткөн кайсы гана
мамлекеттик орган болбосун, ошол акчанын туура пайдаланылышын да көзөмөлгө
алышы керек. Санариптик акча мына ушуну камсыз кылат деп айта алам.
Кошумчалай кетсек,
бүгүн финансисттер конгрессинде Улуттук валютанын жаңы сериядагы банкноталарды
тааныштырылды. Алар «сак стилинде» жасалган. Анда көчмөндөр доорунан азыркы, заманбап Казакстанга
чейинки уникалдуу мурас чагылдырылат.
Санжар Нуркасымов,
Улуттук банктын банкноталар жана монеталар дизайны башкармасынын башкы
дизайнери:
- Элементтердин өзү
абдан ачык, ошондуктан Улуттук банк аларды бетине жайгаштырып, бардык
казакстандыктарга жеткиликтүү кылууну жөн көрдү.
Конгресске 300дөн ашык катышуучу чогулду. Каржы коомчулугунун өкүлдөрү азыркы учурдагы Казакстандын акча-насыя саясатын, макроэкономикалык туруктуулук жана фискалдык тартип маселелерин, буга кошумча каржы тармагынын кибер туруктуулугу менен каржы рыногун глобалдык өзгөрүүдөгү инновациялардын ролу темаларын карашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков