Кыргызстанда ТМУ мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жана вице-президенттеринин биринчи жыйыны өттү

Кыргызстанда ТМУ мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жана вице-президенттеринин биринчи жыйыны өттү

Соода, инвестиция, санариптештирүү, энергетика жана айыл чарбасы. Бул тармактардагы кызматташтык Кыргызстандын борборунда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын биринчи жыйынында талкууланды. Иш-чарага Казакстандын, Кыргызстандын, Азербайжандын, Өзбекстандын премьер-министрлери жана Түркиянын вице-президенти катышты. Олжас Бектенов ТМУнун мамлекет башчыларынын конструктивдүү саясатын белгиледи, бул кыска убакыттын ичинде Уюмду дүйнөлүк аренада абройлуу структурага айландырууга мүмкүндүк берди. Мындан тышкары, тараптар түрк өлкөлөрүнүн Соода-өнөр жай палаталарынын союзунун, Түрк инвестициялык фондунун, Жашыл каржы боюнча кеңештин иш механизмдерин талкуулашты. Катышуучулар транспорттук-логистикалык байланыштарды чыңдоого, Транскаспий маршрутунун инфраструктурасын жаңылоого да көңүл бурушту. Ошондой эле илим жаатындагы өз ара аракеттенүү, анын ичинде жасалма интеллект, киберкоопсуздук боюнча биргелешкен изилдөө борборлорун түзүү тууралуу сөз болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков