Президент Франциянын тышкы соода министрин кабыл алды

Президент Франциянын тышкы соода министрин кабыл алды

Астана эл аралык форумунун алкагында Мамлекет башчысы Франциянын тышкы соода министри Лоран Сен-Мартен, Франциянын Улуттук Ассамблеясынын Тышкы иштер боюнча комиссиясынын президенти Бруно Фукс жана бир катар компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев Франция Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы негизги соода жана инвестициялык өнөктөш экенин белгиледи. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүү 5,5 миллиард долларга жетти. Көрсөткүч 31 пайызга жогорулады. Касым-Жомарт Токаев 17 келишимге кол коюлган казак-француз форумунун жыйынтыгын жогору баалап, келишимдерди өз убагында аткаруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков