Казакстан менен Тажикстан санариптик өнүгүү жаатында кызматташуу боюнча макулдашты. Астанада эки өлкөнүн тиешелүү мекемелери өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаев менен Эмомали Рахмондун санариптик өкмөт кеңсесине болгон иш сапарынын алкагында ата мекендик IT-чечимдер тааныштырылды. Бул жерде президенттерге мамлекеттик органдардын жарандар менен эффективдүү баарлашуусуна мүмкүндүк берген аянтчалар тууралуу маалымат берилип, документтерди жигердүү тапшыруунун мисалдары көрсөтүлдү. Ошону менен бирге мамлекет башчыларына «Үй-бүлөнүн санариптик картасы» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилди. Ал борбордук мамлекеттик органдардын 20 маалымат базасынан социалдык бакубаттуулуктун 100 көрсөткүчүн камтыйт. Ошондой эле космостук мониторинг системасы көрсөтүлдү. Ал жер казынасын пайдалануучулардын ишинин ачыктыгын камсыз кылууга, пайдаланылбай жаткан айыл чарба жерлерин аныктоого мүмкүндүк берет. Тараптардын кызматташуусунун алкагында тажик адистерин Казакстандын алдыңкы IT мектептеринде жана илимий-изилдөө институттарында окутуу мүмкүнчүлүгү каралат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков