Түрк
мамлекеттери электораттык кызматташтыкты бекемдөөдө. Түркестан шаарында Түрк
мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн борбордук шайлоо органдарынын өкүлдөрү
консультативдик платформа тууралуу жобого кол коюшту. Иш-чарага Казакстан,
Азербайжан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан катышты. Консультативдик аянтча
түзүү демилгесин Президент Касым-Жомарт Токаев Астанада өткөн Түрк мамлекеттер
уюмунун мааракелик саммитинде сунуштаган. Консультативдик аянтча шайлоо укугу
маселелери боюнча өлкөлөр ортосунда өз ара аракеттенүүнү жана тажрыйба
алмашууну камсыз кылат.
Нурлан Абдиров,
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы:
- Биз маалыматты
тез бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээболобуз. Бул кандайдыр бир иш-чарада оперативдүү
жолугушууга, тегерек үстөлдөрдү, конференцияларды өткөрүүгө, баарыбыз үчүн
маанилүү жана кызыктуу боло турган изилдөөлөрдү жүргүзүүгө чоң колдоо. Бизди
көп нерсе бириктирет. Тарыхыбыз бир, өнүгүү векторубуз бар. Жалпы көйгөйлөрүбүз
да жок эмес. Азыр биз алардын үстүнөн иштеп жатабыз. Мунун баары биздин
шайлоочуларыбыз үчүн зарыл. Ал эркин, инклюзивдүү жана адилеттүү шайлоолорго
жетишишибиз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

