Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бир катар аймактарында селден улам келип чыккан өзгөчө кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Президент кырдаалды калыбына келтирүү үчүн шашылыш чараларды көрүү менен катар системалуу иш жүргүзүү керектигин белгиледи. Мамлекет башчысы Республикалык штаб түзүп, бардык аймактарда селге каршы иштерди күчөтүү, эң негизгиси жарандардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берди.
Өлкөнүн Премьер-министри Олжас Бектенов суу ташкынына каршы иш-чараларды координациялоо жана анын кесепеттерин жоюу боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Жалпысынан Өзгөчө кырдаалдар аймактарынан 11 миңден ашык адам эвакуацияланды. Убактылуу жайгаштыруу пункттарында 5 миңден ашык адам бар. Элге жардам берүү күнү-түнү, анын ичинде учактардын жардамы менен көрсөтүлүүдө. Жалпысынан 7 миңден ашык адам жана 2 миңден ашык техника тартылды. Суу баскан унаа жолдорду калыбына келтирүү иштери көзөмөлгө алынды. Суу сактагычтардагы жана дарыялардагы абалга мониторинг жүргүзүлүүдө. Акимчиликтер суу каптоо коркунучу жогору аймактарда алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп жатат. Зарыл болгон учурда кошумча күч жана техника жөнөтүлөт. Кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүүгө жана курууга каражат Казакстан өкмөтүнүн жана акимчиликтердин резервинен бөлүнөт.
Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:
- Биз бардык ресурстарды так эсептеп, элге жардам көрсөтүшүбүз керек. Келтирилген зыяндын көлөмүн бүгүндөн баштап эсептеп, зыяндын ордун толтурууга, муктаж болгондорго дароо жардам көрсөтүүгө киришүүбүз абзел. Ресурстар бар, баары калыбына келтирилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков