Мамлекет башчы Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү

Мамлекет башчы  Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда терроризм жана экстремизмге каршы туруу жаатындагы иштин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери каралды. Мамлекет башчы экстремисттик көрүнүштөрдүн өбөлгөлөрүн аныктоого жана бөгөт коюуга, эл аралык терроризмдин жайылышына жол бербөөгө комплекстүү мамилелердин маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйындын жыйынтыгында президент мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков