Өлкөдө аскердик дирижёрлор даярдалат

Өлкөдө аскердик дирижёрлор даярдалат

Эми Казакстанда аскер дирижёрлору даярдалат. Чыгармачылык адистикти окутуу боюнча офицер кадрлар Алматы шаарындагы Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясынын базасында тарбияланат. Өлкөнүн Коргоо мекемесинин маалыматы боюнча, Консерватория менен радиоэлектроника жана байланыш аскердик-инженердик институтунун адистери биргеликте атайын окуу программасын иштеп чыккан. Төрт жылдык окуунун артыкчылыгы - аскердик жана жарандык жогорку окуу жайларын аяктаганы тууралуу эки диплом алуу болуп саналат. Окуу жайын аяктагандар жумуш менен толук камсыз болот. Буга чейин казакстандык курсанттар  Орусиянын Коргоо министрлигинин аскердик университетинде гана аталган адистик боюнча билим алып келген.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков