Касым-Жомарт
Токаевдин Жапонияга
болгон биринчи расмий сапары Император Нарухито менен жолугушуудан башталды.
Казакстандын Президенти Күн чыгыш өлкөсү көп жылдар бою казакстандыктарды
өзүнүн тартиби жана туруктуулугу менен шыктандырып келгенин баса белгиледи.
Анын айтымында, өлкөлөрдү өз ара сыйлашууга жана жемиштүү кызматташууга
негизделген эски достук мамилелер байланыштырат. Император Нарухито
Касым-Жомарт Токаевдин сапары эки тараптуу мамилелерди сапаттык жактан жаңы
деңгээлге чыгараарына ишенимин
билдирди.
Казакстан Президентинин
иш сапары Токиодогу эң ири синто-ист ибадатканасына баруу менен уланды. Ал
император Мэйджиге
арналган, анын башкаруусунда Жапония
дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн бирине айланган масштабдуу реформалар болгон.
Сапардын салтанаттуу бөлүгүнөн кийин Президент Күн чыгыш өлкөсүндө иштеген
казакстандыктар менен жолугушту. Мамлекет башчысы Жапония сыяктуу алдыңкы
өлкөнүн тажрыйбасын үйрөнүүнүн маанилүүлүгүнө
токтолду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
- Жапон тарап дагы бул
сапарга чоң маани берүүдө. Бүгүн мен Премьер-министр менен жолугушам. Албетте,
биздин кызматташтыгыбыздын келечеги кең болот.
Мамлекет башчысы сапардын
күн тартибинде Жапониянын
Казакстан менен достук парламенттик лигасынын мүчөлөрү менен жолугушууну
улантты. Бул эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүү механизми, деп баса
белгиледи мамлекет башчысы. Бүгүнкү күндө өлкө Токио менен ар тараптуу өз ара
аракеттенүүнү күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Ал эми саясий диалогду жана
соода-экономикалык, ошондой эле гуманитардык байланыштарды тереңдетүүгө
«Борбордук Азия – Жапония»
саммити өбөлгө түзөт. Ал бүрсүгүнү өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

