Алматыда жасалма интеллект тууралуу алгачкы китеп жарык көрдү

Алматыда жасалма интеллект тууралуу алгачкы китеп жарык көрдү

Алматыда жасалма интеллект тууралуу казак тилинде китеп жарык көрдү. Автор басылмада нейрон тармагынын темасын жөнөкөй тилде жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурган. Китептин биринчи бөлүгүндө жасалма интеллекттин негизги түшүнүктөрү камтылса, калган бөлүмдөрдө аны колдонуунун натыйжалуу жолдору баяндалган. «Жасалма интеллект алиппесинде» медицина жана билим берүү, бизнес жана медиа сыяктуу ишмердүүлүктүн ар кыл чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү үчүн мамлекеттик тилде миңден ашуун даяр суроо-талаптар топтолду. 1 000 нускада жарык көргөн басылманын саны алдыдагы убакытта арттыруу мерчемделүүдө. Ошондой эле аны өзбек, кыргыз жана азербайжан тилдерине которуу көздөлүп жатат.

 

Мейиржан Ауелбек уулу, китептин автору:

 

- Мен бул теманы 2022-жылдан бери изилдеп келем. Бул үч жылдык изилдөөнүн, изденүүнүн, бул жааттагы эмгектин натыйжасы. Азыр бул жасалма интеллект тармагында маалымат берген алгачкы китеп. Бул китеп аркылуу мыкты бир адис болуп кетпейт, бирок жасалма интеллект деген эмне экенин, аны менен кантип иштөөнү түшүнөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков