Казакстан авторлорунун 250 китеби Франкфуртта тааныштырылды

Германиядагы эң ири дүйнөлүк жарманкеде казакстандык авторлордун 250дөн ашык китеби көрсөтүлдү. 76-эл аралык Китеп Көргөзмөсүнө 30га жакын Ата Мекендик басылма кызматкерлери жана котормочулар катышты. Бул салттуу иш-чара китеп басып чыгаруу ишин жана рынокту өнүктүрүү менен бул багытта тажрыйба алмашуу үчүн уникалдуу аянтча болуп калды. Жалпысынан Франкфурт шаарында 95 өлкөдөн 4 миңден ашуун автор жана басмаканалар чогулган. Алар өздөрүнүн басылмаларын сунушташты. Бул жолу көргөзмөдө геймерлерге өзүнчө аянтча каралган. Аудиокитептер жана подкасттар үчүн эки эсе көп орун бөлүндү.

Рустам Али, Маданият жана маалымат министрлиги комитетинин төрагасы:

- Казакстандын «Frankfurter Buchmesse» жарманкесине катышуусу - тарыхый окуя. Биз маданий мурасыбызды гана эмес, классикалык жана жаш авторлорубузду, басып чыгаруучуларыбызды да тааныштырабыз. Китеп басып чыгаруунун заманбап тенденциялары талкууланган көптөгөн диалог аянтчалары бар. Анын ичинде, жасалма интеллект, укуктук маалымат алмашуу жана маркетинг багытындагы башка жаңылыктарды колдонуу. Биз казакстандык китеп чыгаруу чөйрөсүнө киргизүү үчүн бардык заманбап тренддерди талкуулоого даярбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков