Өлкөдөгү 95 ЖОЖго жасалма интеллект боюнча сабактар киргизилди

Өлкөдөгү 95 ЖОЖго жасалма интеллект боюнча сабактар киргизилди

Казакстанда жогорку билим берүү системасына жасалма интеллект кеңири киргизилип жатат. Учурда өлкөдөгү 95 жогорку окуу жайында тиешелүү сабактар окутулат, ал эми 30 университетте AI-чечимдерди инженерия, медицина жана өнөр жайдагы колдонулушуна арналган 42 адистештирилген билим берүү программасы бар. Бүгүнкү күндө бул багыттагы бакалавриат, магистратура жана докторантурада 3 миңге жакын студент билим алат. Мындай маалыматтарды өлкөнүн илим жана жогорку билим министрлиги келтирди. Адистерди даярдоо менен катар окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жагы да эске алынган. Профессор-окутуучулар курамынын 54% жасалма интеллектти колдонуунун негизги көндүмдөрүн өздөштүргөн. Мамлекет жеңил башкарылуучу жана коопсуз AI куралдарды активдүү киргизүүдө. Алардын катарында күнүмдүк жумуштарды автоматташтырууга, окутууну билим алуучуларга ылайыкташтырууга жана кадр даярдоо сапатын арттырууга мүмкүндүк берген ChatGPT EDU платформасы да бар. Бул демилгелер университеттерге санариптик экономика шартында эмгек рыногунун өзгөрүшүнө ыңгайлаша ала турган бүтүрүүчүлөрдү даярдоого жол ачат. Бул максатта чет элдик жогорку окуу жайларынын филиалдары ачылып жатат.

Гүлзат Көбенова, Илим жана жогорку билим вице-министри:

- Жалпысынан жасалма интеллект тармагында кадрларды даярдоо үчүн 12 чет өлкөлүк жогорку окуу жайы тартылды. Атап айтканда, Сеул техникалык университети менен биргелешип Коркыт Ата атындагы Кызылорда университетинин базасында жасалма интеллект жана информатика жогорку мектеби ачылды. Ошондой эле, Сатпаев атындагы казак улуттук техникалык изилдөө университетинин базасында City University of Hong Kong филиалы ачылды. Бүгүнкү күндө ар кандай форматта 40 стратегиялык өнөктөштүк ишке ашырылууда, алардын 33 чет өлкөлүк университеттердин филиалдары.

Которгон: Илгиз Жамалбеков