Казакстанда жасалма интеллекттин мыктылары аныкталды. Алматыда экинчи жыл катарынан FAIO эл аралык олимпиадасы өттү. Быйылкы тандоого 9 өлкөдөн 400дөн ашык команда катышты, ал эми финалга 200 адам жолдомо алды. Акыркы сында 7 өлкөдөн келген 51 команда ат салышты. Катышуучулар машиналык окутуу моделдерин жасап, конкреттүү маселелерди чечишти. Ар бир команда өз моделин так жана тез аткарууга багыттады. Алар логика, чыгармачылык жана командалык иш боюнча бааланды.
Абу Канатбек, республикалык
физика-математика мектебинин окуучусу:
- Тапшырмалар ар кандай
болду. Мисалы, айрымдары текст менен, кээ бири сүрөттөр менен жана дагы башка
тапшырмалар жасалма интеллект менен байланыштуу болду.
Адилхан Токтоганов, калыстар
мүчөсү:
- Бул жылы чыныгы
жашоодо колдонула турган эсептер түзүлдү. Эсептерди түзүүчүлөр абдан билимдүү,
бул тармактын адистери бизде. Алар дүйнөлүк жана казакстандык мыкты
компанияларда иштешет. Башкы максатыбыз - бул олимпиада аркылуу окуучулардын
арасынан кызыгууну ойготуу.
Быйылкы мелдештин байге фонду 5 млн теңге.
Биринчи орунду Орусия командасы ээледи, ал эми Казакстан командалары төртүнчү
жана бешинчи орундарга чыкты. Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен
сыйланышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

