«Айсулу» туңгуч комедиялык операсы көрүүчүлөргө жол тартты

«Айсулу» туңгуч комедиялык операсы көрүүчүлөргө жол тартты

Күлкүгө бөлөгөн атамекендик классика.  "Астана Опера" театры искусство сүйүүчүлөр коомунун назарына "Айсулу" тунгуч казак комедиялык операсын сунуштады. Мындан туура 60 жыл мурда бул чыгарманы казактын атактуу композитору Сыдык Мухамеджанов жазган. Композитордун 100 жылдык мааракесине карата борбордун искусство жамааты чыгарманы кайра жандантып, сахналаштырды.  Жаңыдан өзгөртүлгөн спектакль көрүүчүлөрдү мындан жарым кылым мурунку мезгилге алып барат. Ошол кездеги күркө жана шамдар, жада калса чыныгы вагон, киноэффекттер менен кооздолгон сахна өткөнгө саякаттагандай элес калтырат. Спектаклдын желеси боюнча эки сүйүшкөн Айсулу менен Серкенин махабат жолунда башынан өткөргөн көңүлдүү жана кызыктуу окуялары эч кимди кайдыгер калтырбай турганы талашсыз.

Еренбай Тойкенва, коюучу режиссер:

- Иш-чаранын убактысы жана орду баары - композитор тарабынан жазылган, авторлор сунуштагандай, биз аны кандай болсо, ошондой кылып бердик. Бирок биз көбүнчө натурализмге, реалдуу көрүнүштөргө басым жасадык. Мисалы, ал кезде кандай атмосфера болгон, кандай нерселер ошол атмосфераны жеткире алат? Мына биз аларды сахнага чыгардык. Спектаклдин экинчи актысында көптөгөн көрүнүштөр архивден алынган. Композитордун кол жазмалары кайрадан калыбына келтирип, сахналаштырылды. Ошондуктан биз укпаган, көрө элек абдан кызыктуу көрүнүштөр бар. Бул биздин артисттерге да абдан жат көрүнүш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков