Өзбекстанда «Га га гой» аттуу өзгөчө аталыштагы автордук көргөзмө өтүүдө. Экспозиция Ташкенттеги белгилүү «Ильхом» театрында орун алып, анда казакстандык сүрөтчү Айша Бактыгулдүн эмгектери коюлган. Анын абстракция жанрындагы полотнолорун рационалдык талдоо менен эмес, интуиция, ыргак жана түстөр аркылуу кабыл алуу керек. Уюштуруучулардын айтымында, сүрөттөр көрүүчүнү сезимдер дүйнөсүнө чөктүрөт. Экспозиция Айша Бактыгул үчүн эл аралык дебют болуп саналат. Бул — белгилүү чебер Арыстанбек Шалбаевдин шакирти, жаш сүрөтчүнүн чыгармачылык жолундагы үчүнчү көргөзмөсү. Буга чейин анын эмгектери Казакстанда гана коюлуп келген. Ташкенттеги экспозиция чын куран айынын 26на чейин уланат.
Ольга Веселова, көргөзмөнүн
куратору:
– Быйылкы мааракелик
жылда бизди казак искусствосун, заманбап искусствосун тартуулоого чакырышты.
Абстракттуу сүрөтчү Айша Бактыгулдун эмгектерин тандап алдык. Театр — бул көз ирмемдеги
абалды сезүү, анда тынымсыз түшүнүүгө аракет кылуунун ордуна, сезимдин учурун
тартып аласың. Ал эми Айшанын сүрөттөрү дал ушул жөнүндө. Бул көргөзмөнүн
маанилүү аспектиси анын инклюзивдүүлүгү болуп саналат.
Санжар
Серикбаев, көргөзмөнүн кош куратору:
– Ал дүйнөнү
сезимдер аркылуу кабыл алат жана бардык чыгармачылыгын дал ушундай жол менен
кенептерге чачат. Биз Ташкентте аудиториянын мүмкүн болушунча көбүрөөк келишин
абдан кааладык. Ошондуктан биз атайын нускамаларды жана куратордук тексттерди
өзбек жана орус тилдеринде даярдадык. Тексттен тышкары алар Брайль арибине да
которулган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

