Француз мода үйү өз коллекциясын Астаналык Айнур Полатованын казак баштыгына түспөлдөш уникалдуу буюм менен толуктоо сунуш кылып, идеясын андан ары талкуулоо үчүн аны Парижге чакырган. Айнур Полатованын максаты – нукура чыгармасы аркылуу казак тарыхын, маданиятын дүйнөгө даңазалоо. Казак стилинде жасалган долбоор улуттук оюндар жана саймалар менен токулган декоративдик-кол өнөрчүлүк баштыкча түрүндө сунушталган.
Айнур Полатова, долбоордун автору, ишкер:
- Louis Vuittonдун боз үйгө окшош дүкөн ачканын көрүп калдым. Бул менин кызыгуумду жаратып, аларга боз үйгө окшош баштык жасоо сунушу менен кат жаздым. Учурда улуттук оюндарды өнүктүрүү долбоорун ишке ашырып жатканымды айттым. Бул бир жагынан баштык, экинчи жагынан интеллектуалдык оюн. Менин өзгөчө демилгемди колдоолорун сурандым. Эки жумадан кийин компания менин сунушума кызыгып, жооп жөнөттү. Чынын айтсам, менин долбоорум мынчалык оңой жана тез кабыл алынат деп ойлогон эмесмин.
Таланттуу казакстандык келечегин мода дүйнөсү менен байланыштыруу пландары жок экендигин айтат. Учурда ал Евразия улуттук университетинде казак филологиясынын магистратурасында билим алууда. Былтыр улуттук оюндар аркылуу казак маданиятын кеңири жайылтууну колго алган. Анын идеясы ишке ашып, атайын грант утуп алган. Бүгүнкү күндө өндүрүш туура жолго коюлуп, өзгөчө талантына суроо-талап күч алууда. Жада калса Түркия, АКШ, Нидерланды сыяктуу чет өлкөлөрдөн да буйрутмалар көп келет, дейт Айнур.
Айнур Полатова, долбоордун автору, ишкер:
- Өткөн жылдын теке айында же аяк оона айынын башында бул идея мени көп ойлондурчу. Мен досторум менен ресторанда отурганда алардын көбү чет элдик стол оюндарын ойноп жатканын байкадым. Бизде улуттук оюндар бар эмесби. Ошол сыяктуу эле, дал ушундай чогулуп ойноп, кызыктуу жана пайдалуу убакыт өткөрүүгө болот. Кийинчерээк бул оюмду бышырып, андан ары өркүндөтүүгө бир аз убакыт короттум. Ошентип, жетинин айында мен өзүмдүн долбоорумду иш жүзүндө ишке ашыра баштадым. Азыр «Бешташ», «Тумар», «Жыгач үй», «Тумар бестемчеси», «Тогуз коргоол» сыяктуу беш салттуу оюн түрлөрүн заманбап ыкмада өнүктүрүп жатам.
Казакстандык айым эми бул оюнду Европанын аймагында өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул жылы ал Германияда, Гёте атындагы Франкфурт университетинде Евразия Улуттук Университетинин мобилдүүлүк программасы боюнча билимин өркүндөтөт. Мындан тышкары, өлкөдөгү мектеп программасына киргизүү аракеттери көрүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков