Карапачылар симпиозуму: салттар менен чыгармачылыктын айкалышы

Карапачылар симпиозуму: салттар менен чыгармачылыктын айкалышы

Казакстандык карапа чеберлери Кыргызстанга барып, тажрыйба алмашышты. Бишкекте карапачылардын  эл аралык симпозиуму өттү. Өзбекстан, Азербайжан, Беларусь, Орусия жана Түштүк Кореядан келген жергиликтүү адистер уникалдуу техникалар менен бөлүшүп, тажрыйба алмашышты. Колдонмо-прикладдык өнөрдүн кесипкөй кол өнөрчүлөрү менен искусство жана кол өнөрчүлүк ышкыбоздору жолугушууда жаңы тенденцияларды жана идеяларды талкуулашты. Катышуучулар үчүн мастер-класстар өткөрүлүп, мыкты иштер тааныштырылды. Иш-чара ааламдашуу доорунда элдик искусствону жайылтуу жана маданий мурастарды сактоо максатын көздөөгө багытталган. 

Сыймык Болотбек уулу, карапа өнөрү боюнча чебер/Кыргызстан 

- Эгерде кумуранын моюну тар болсо, анда бул адатта декоративдик максатта колдонулат. Анткени мындай идиштен суюктукту куюу кыйын. Бирок, оозу кенен болсо, күнүмдүк колдонуу үчүн ыңгайлуу болот. Анын кеңдиги кумураны толтурууну жана тазалоону жеңилдетет. Башкача айтканда, ал ички жасалгалоочу элементи гана эмес, ошондой эле күнүмдүк колдонулуучу турмуштук затка айланат. 

Соң Ингил, Карапа өнөрү боюнча чебер/Түштүк Корея: 

- Бул аянтчада мен өз эмгегимди тартуулап гана тим болбостон, кесиптештерим менен Түштүк Кореянын стилинде карапажан идиш жасоо боюнча баалуу тажрыйба бөлүшкүм келет. Бул багыт өзүнүн уникалдуу техникасы, ар кандай формада аткарылышы менен уникалдуу.  Корей элинин карапа искусствосу өзүнүн терең символикасы менен белгилүү. Ал оймо-чиймелер жана сүрөттөр  аркылуу берилет. 

Чеберлердин айтымында, бүгүнкү күндө карапа өнөрү кайрадан жанданып, карапа идиштерге суроо-талап өсүүдө. Аларды уникалдуу декоративдик буюмдарга айландыруу үчүн улуттук оймо-чиймелер менен кооздолот. Мындай көздүн жоосун алган чыгармаларга көбүнчө кафе-ресторандар, мейманканалар буйрутма беришет. Карапа жасоо өнөрү бүткүл дүйнөдө анын салтын билгендердин арасында жогору бааланат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков