V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына казакстандык кол өнөрчүлөр эң узун курак жууркан тигишүүдө

- «Сынык мүйүз» – казак орнаментинин бир түрү. Мына бул гүлдөр, ал эми бул кочкор мүйүз. Бул «кызгалдак курак»...

Алар, албетте, өз чеберчилиги менен таң калтырууну пландап жатышат. Айрыкча, дүйнөдөгү эң узун жуурканды кол менен тигүүнү көздөшүүдө. Аны кол өнөрчүлөр атайын масштабдуу спорттук иш-чара үчүн жасашмакчы. Муну менен бирге алар «Гиннестин рекорддор китебине» кирүүнү көздөп жатышат. Коюлган максатка жетүү үчүн Галия Амантай кызы  бүткүл аймактан элдик чыгармачылыкты жайылтуу менен алектенген 10 кол өнөрчү чогулткан. Айта кетсек, өткөн жылы Түндүк казакстандык кол өнөрчүлөр «аламан курак» сынагына катышып, Казакстандын рекорддор китебине кирген.

Галия Амантай кызы, кол өнөрчү:

- Аяк оона айынын 8инде өтө турган этно айылдын ачылышына катышабыз. Бизге дизайнерлер жууркан эскизин жөнөтүштү. 9 Түндүк казакстандык кол өнөрчүлөр бирден жууркан тигиши керек. Ар биринин узундугу 2,5 метр. Мен буга чейин төрт жууркан жасадым. Бешинчисин бүтүрүү калды.

Эскерте кетсек, Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 миңден ашуун турист келери күтүлүүдө. Алар улуттук спорт менен гана эмес, көчмөн цивилизациялардын байыркы маданияты менен да жакындан тааныша алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков