Бүгүн казактын чыгаан инсаны Абай Кунанбай уулунун туулганына 178 жыл
толду. Акыркы 4 жылдан бери өлкөдө баш оона айынын 10ну "Абай күнү"
катары белгиленип келет. Бул маанилүү датага карата өлкөнүн бардык аймактарында
маданий-руханий иш-чаралар уюштурулууда. Белгилей кетсек, окуучулар арасында
китеп көргөзмөсү, Абай ырларын аткаруу жана Абай окууларынын сынагы
уюштурулууда. Өлкөнүн 16 облусунан 130дан ашык окуучу катышкан ыр сынагына жаш
өспүрүмдөр акындын ырлары менен кара сөздөрүн көркөм окуу боюнча күч
сынашмакчы.
Айдана Касымбек, Абай окууларынын катышуучусу:
Мен Ыйык Түркестан облусунун Матарал районунан келдим. Мына ушундай конкурска катышып, Абайдын бардык учкул ойлорун жаттап, Абайдын ыйык туулуп-өскөн жеринде көргөзүү мен үчүн чоң бакыт.
Абай күнүндө сергек жашоого үндөө иштери жүргүзүлүп, Семей-Жидебай, Семей-Бөрили багыттары боюнча марафон уюштурулду. Иш-чарага 20га жакын адам катышты. Алар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген кесипкөй жөө күлүктөр. Жидебайдын маршрутун басып өткөндөр 160 чакырым, Бөрилиге чейин чуркаган топ 80 чакырым жол басып өтүштү.
Меңдибай Алимгазин, чуркоо боюнча спорт чебери:
Эми мен азыр 80 чакырымга чыгайын деп жатам. Шакирттерим 160, 2 окуучум азыр мени менен 80 чакырымга чуркашат. Андыктан баарына ийгилик каалайм. Абайдын 178 жылдыгы куттуу болсун.
Которгон: Илгиз Жамалбеков