Казакстандык десантчыларынын даярдыгы Түркияда жогору бааланды. Ата мекендик аскер кызматкерлери «EFES-2024» эл аралык окуу машыгуусунда жогорку деңгээлдеги билим жана көндүмдөрүн көрсөтүштү. Алар көп улуттуу бөлүктөрдүн курамында ок атуу, салгылашуу жана душманды зыянсыздандыруу, биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары, машыгуу сыяктуу коюлган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты.
Василий Солодилов, курама топтун командири:
– Башка өлкөлөр менен чогуу даярдандык. Жада калса биздин даярдык башка катышуучу мамлекеттерге караганда бир топ жогорку деңгээлде экенин көрүп, сездик. Биз өзүбүздү эң жакшы жагынан гана көрсөттүк. Биз өзүбүздүн курал-жарагыбыз менен бардык керектүү техника жана инструкторлорубуз менен келген жалгыз өлкөбүз.
Мадияр Канаев, Десанттык-чабуул аскерлери кол башчысы башкармасынын ага офицери:
– Биз бул окуу машыгуунун керектүү жерлерин өзүбүзгө алдык. Анткени бизде баары башкача. Муну менен катар башка өлкөлөргө салыштырмалуу айырмачылыктар көп. Ошондуктан ар бир топ өз багыты боюнча бир топ тажрыйба топтоду. Десантчыларыбыз берилген тапшырмаларды дароо түшүнүшүп, ыкчам аракеттенип, коюлган милдетти жакшы деңгээлде аткарышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков